Швецияда бир гана адамдык ресторандар пайда боло баштады.

Бул адамдардын социалдык аралыктын сакталбаганынан улам пайда болгон арга. Мындан улам айрым тамактануу жайлары бир гана адамга кызмат көрсөтүүнү чечкен.

Андай ресторандардын бири жип менен улаштырылган себет аркылуу тамак жеткирет. Тамактануучу стол бош талаада жайгаштырылып, күнүгө бир гана кардарды кабыл алат.

“Bord för En” же бир кишилик стол аттуу ресторан 10-майда ачылып, 1-августка чейин кызмат көрсөтөт.

Швецияда бүгүнгө чейин 18 миң 926 Covid-19га кабылган учур катталса, бул эпидемиядан 2 миң 274 адам көз жумган.