Тажикстандын борбору болгон Душанбе шаарында кийим-кече сатылган базарлар убактылуу жабылат. Алардын баарында дезинфекциялоо иштери жүрөт.

Мэрияга шилтеме берген жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, мындай демилге коронавирустун өлкөнүн аймагына киришин жана жайылышын алдын алуу максатындагы иштердин алкагында ишке ашырылат. Меничк жана ведомстволорго таандык базарлардагы санитардык тазалоо иштери эртең, 30-апрелде башталып, 10-майга чейин созулат.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Тажикстанда коронавирус каттала элек деген маалыматты таратып жатат.

Булак: Баракелде сайты