LonelyPlanet басылмасынын билдирүүсүнө караганда дүйнө жүзүндөгү эң жашыл жана экологиялык жактан эң таза шаарлардын сап башында Вена турат.

Ири консалтинг компаниясынын дүйнө жүзүндөгү чоң шаарларга карата жүргүзгөн иликтөөсү бир нече критерийлерди камтыган. Маселен, изилдөөчүлөр бул ири шаарлардагы жашыл көчөттөргө, жөө жүргүнчүлөр сейилдөөчү жайларга, абанын булгануусуна, калыбына келип туруучу булактардан жана суудан алынуучу энергиянын керектелишине, коомдук транспорт колдонуучу адамдардын санына көңүл бурушкан.

Рейтингдин лидери болуп Вена табылса, экинчи орунду – Мюнхен, үчүнчүнү Берлин багындырып, Мадрид жана Сан-Паулу шаарлары төртүнчү, бешинчи орундарга чыккан.

Ал эми ондук ичинде айтылуу Манчестер, Лиссабон, Сингапур, Амстердам жана Вашингтон шаарлары бар.