Германияда вирустан коргоочу атайын кастюм жана бет каптар жетишсиз болууда. Мындан улам медицина кызматкерлери өздөрүнө көңүл бурдурууну көздөп кийими жок сүрөткө түшүү менен флешмоб уюштурган.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти. Белгилүү болгондой, Германияда алгач вирус январь айында байкалган.

Ошол мезгилден бери медиктерде коргонуучу каражаттар жетишсиз экенин айтып келишкен. Алардын кайрылуусунан жыйынтык чыкпаган соң, жылаңачтануу менен, вирустан кантип коргонуп жатканын көрсөтүштү.