Казакстан гуманитардык жардам катары Кыргызстанга 800 тонна ун жөнөттү. Жардам бүгүн, 29-апрелде темир жол аркылуу жеткирилген.

Казакстан учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстанга боордоштук колун сунуп 5 миң тоннадан ун жиберген.

Гуманитардык жардам Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларына жеткирилди.