“Ооруну жуктуруп алуунун себептери ар кандай болушу ыктымал – бул жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги, жагымсыз шарттар же коргонуу каражаттарын алмаштыруу боюнча нускамаларды аткарбоо жана башкалар. Учурда белгиленген комиссия тарабынан анализ жүргүзүлүүдө, ал Ошто иштеп келди”, — вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Бүгүнкү күно карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлердин жалпы саны 191ге жетти.