Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Зайырбек Ажыматов 1-майда «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу анын жакын досу, акын жана журналист Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Зайырбек менен коштошуу бүрсүгүнү, 1-майда, саат 9:30да башталат. Андан соң «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет», — деди Самыйкожо.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

«Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштаган. Андан кийин «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта «Азаттык» радиосунда иштеп жаткан.