Кош жарандуулукка ээ россиялык жарандарга өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу РФ Өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылган документтен көрүүгө болот.

Карантинге байланышкан чектөөлөрдөн кийин Россиядан чет элдик жарандардын гана чыгып кетүүсүнө уруксат берилген. Башкача айтканда, 27-марттан баштап Россия  чет өлкөлөргө болгон жүк ташуучу, почта, санитардык жана гуманитардык рейстерден бөлөк бардыкрегулярдык жана чартердик авикаттамдарды токтоткон.

Шаршемби күнү премьер-министр Михаил Мишустин чет өлкөлүк жарандардын Россиянын территориясына кирүүсү боюнча чектөөлөрдүн  узаргандыгын жана ал өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жакшыргыча созулаарын айткан.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча бүгүн дүйнө жүзү боюнча дээрлик үч миллион адам коронавирус илдетин жуктуруп алса, алардын 204 миңден ашыгы каза болгон. Россияда оору жуктуруп алгандардын саны – 99 399, каза болгондор – 972, ал эми 10 286 адам бул илдеттен айыгып кеткен.