Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 110 жаран жеткирилди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары – 82,

Ош шаары –13,

Жалал-Абад шаары – 2,

Сузак району – 8,

Нарын шаары – 4,

Ат-Башы району – 1.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок. Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3837 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.