Коронавируска каршы вакцина 1 жылга жакын убакытта  иштелип чыгуусу  мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюге билдирди.  Белгилүү болгондой, учурда вакцинаны иштеп чыгуу боюнча иштер өтө тездик менен жүрүүдө. Бирок вакцина качан пайда болоорун так айтуу мүмкүн эмес. «Биз эч токтобостон жүрүп жаткан иштин натыйжасында, вакцина 1 жылга жетпей иштелип чыгат деп ишенебиз», — деп билдирет Клюге.

Маалым болгондой, вакцинанын 100дөн ашык болжолдуу түрү бар, аны иштеп чыгуу вирус чыккандан тартып, тагыраагы 60 күндөн кийин башталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцина иштелип чыкса, анын мамлекеттер арасында калыс түрдө бөлүштүрө турганын билдирген.

Эске салсак, буга чейин Германия, АКШ, Россия өлкөлөрүндө вируска каршы вакциналар сыноодон өтүп жатканы кабарланган.