ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы бардык маанилүү, өзгөчө маанилүү жана олуттуу жашоо тиричиликти камсыз кылуучу мекеме-чарбаларды күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алышкан.

Аны менен бирге, жогоруда аталган мекеме-чарбалардын туруктуу иштешинин коопсуздугун камсыздайт.

Мамлекеттин экономикалык туруктуулугунун бир бөлүгү болуп Банк мекемелеринин болуп саналат, алардын өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими убагында коопсуз туруктуу иштешин, ИИМдин Күзөт кызматы камсыз кылат.

Азыркы учурда, милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда турган Банк мекемелеринде жана анын аймактагы филиалдарында жарандарды тейлөөдө, чектөө эрежелери коюлуп, адамдар арасында аралыкты сактоо жана милдеттүү түрдө антисептик менен колду жууп андан кийин имараттын ичине
кезек-кезеги менен киргизилүүдө.

Мындан тышкары, дененин температурасын ченөөчү атайын аспап аркылуу текшерилип турат.

Бүгүнкү күндө, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы эң алдынкы заманбап кайтаруу техникалык каражаттары менен камсыздалган түзүмдүк бөлүк болуп саналат.

ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы тарабынан 3000 ден ашуун ар түрдүү мекеме-чарбалар кайтарууда турат.