2020-жылдын 30-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учур катталды.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айнура Акматова билдирди.

Жаңы катталган учурлардын үчөөсү Бишкек шаарында, Ош шаарында бир, Ош облусунда эки, Жалал-Абад облусунда бир, Чүй облусунда тогуз жана Нарын облусунда бир.


Республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 746га жетти.