Россиянын Кыргызстандагы элчилиги алдында мигранттарга азык-түлүк жана баш калкалоосуна көмөк көрсөтүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу элчилик маалымдады.

Мигранттарга берилүүчү тамак-аштын тизмеси жарыяланды. Ага ылайык, суу май, кум шекер, ун, макорондор, печенье жана күрүч кирген. Бул тизмеге сүт азыктары жана жаш балдарга арналган азыктарды кошуу сунушу айтылды.

Элчиликтин билдирүүсүндө буга чейин кайрымдуу жарандардан муктаж болгон мигранттарга 1 млн 300 миң рубль топтолгон. Бул каражатка учурда Россияда калып калган жарандарга көмөк көрсөтүүдө.

Эске салсак буга чейин кыргыз өкмөтү Москвада жана Москва облусундагы мигранттарга 4 млн сом каражат бөлгөн. Бул каражат азырынча коротула элек .