Интернетте тарап жаткан “алты адамдан турган үй-бүлөгө бекитилген талаптарга жооп берберген азык-түлүк жардамын Өкмөт көрсөттү” деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, бул үй-бүлө Беловодск айылында жашайт, аларга “Дос” жеке менчик ишканасы өздүк каражаттарынан жардам көрсөткөн.

“Бул үй-бүлөнүн эки үйү бар, алар аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турбайт. Мындай мамиледен улам Жеке тараптардын муктаж болгондорго гуманитардык жардам көрсөтүү каалоосу жоголот. Бүгүнкү күндө Өкмөт жана жеке ишкерлерден Беловодск айыл аймагынын 478 үй-бүлөсүнө азык-түлүк топтомдору: ун, шекер, макарон, өсүмдүк майы, консервация, жашылча-жемиштер, катары жардам көрсөтүлгөн”, — деп билдиришти мекемеден.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында 420 миӊден ашык үй-бүлөгө азык-түлүк катары гумжардам берилди. Азык-түлүк топтомдору Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги эсепке түшкөн каражаттын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган. Ошондой эле тамак-аш түрүндө жеке тараптардан кайрымдуулук жардамдар берилген. Азык-түлүк топтомунан тышкары Өкмөт калктын аярлуу катмарына 6 988 тоннадан ашык ун тараткан.