Коом
Жалпы республикалык тестирлөө качан болорун министр айтты
4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат.
Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт.
Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.
«Тестирлөө жүргүзүү убагында бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат”, — деп билдирди КР билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.