АКШ президенти Дональд  Трамп экономикалык өңүттөн алганда келерки жыл коронавирус пандемиясынан улам жаралган кыйынчылыктарга карабастан  өлкө үчүн укмуштуудай ийгиликтер менен коштолорун айтты. Бул тууралуу РЭН ТВ каналы билдирген.

«Менин оюмча үчүнчү квартал өзгөчө болот. Силер үчүнчү кварталда бир катар ийгиликтерге күбө болосуңар, төртүнчү квартал андан дагы ийгиликтүү болот, ал эми кийинки жыл мурда болуп көрбөгөндөй бакубат турмуш менен коштолот»-деген америкалык лидер брифингде сүйлөгөн сөзүндө.

Өз кезегинде аналитиктер 2020-жылдын II кварталында АКШнын ички дүң продукциясы 25%га төмөндөөрүн жана мунун өзү өлкө экономикасы үчүн мурда-кийин болуп көрбөгөндөй сокку болорун айтышкан.