Баткен Өзбекстандын Ферган облусуна азык түлүк жардамын жөнөттү

618

Баткен облусу кечээ 29-апрелде Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун элине күрүч, алма, картошка азыктарын жардам катары жөнөттү.

Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстан Covid 19 оорусунун жайылышына каршы күрөшүү боюнча бир биринин иш аракеттерин колдоого алган.

Бул багытта Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында, Фергана облусу Баткен облусуна буга чейин кооптуу илдет менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу кастьюмдарды, дезинфекциялык каражаттар жана ун азыктарын жиберген.

Баткен облусунун жетекчилиги, облустун элинин атынан, кошуна Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге, Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет, ошондой эле өзбек эли дагы бир жолу кылым карыткан жакын кошуналык, достук мамилебиз бекем экенин айгинеледи деп белгилейт.