New York Times гезитинин берген маалыматы боюнча шаршемби күнү Нью-Йорк шаарынын сөөк коюу зыйнатын аркалоочу бюронун жанында жүк ташуучу машине табылган. Кызыгы, анда каза болушкан ондогон адамдардын бузулуп бара жаткан денелери бар экендиги аныкталган. 

Билдирүүгө караганда полицияны ошол аймакта жашагандар чакырып, кандайдыр бир жагымсыз жыт келип жаткандыктарын айтышкан. Көп өтпөй полиция кызматкерлери келип, автоунаа ичинде каза болгон адамдардын сөөгү бар экендигин аныкташкан. Бирок, алардын ичинен канчоосу коронавирустан улам каза болгондугу азырынча белгисиз.

Учурда полиция бул боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Белгилей кетчү нерсе, шаарды курчап алган өлүм кесепетинен улам өлүк салынуучу табыттардын жетишсиздиги келип чыккан, ал эми сөөктү кремациялоо үчүн дээрлик бир ай кезекте туруу керек.