Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев бүгүн, 30-апрелде парламентте, үймө-үй кыдырып аныктоодо 35 жарандан вирус чыкканын билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, оорунун очогу болуп саналган 114 аймакта 805 миң адам текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинен 35 адам коронавирус илдетин жугузганы аныкталган.

Өкмөт башчы 1-майдан тартып үч баскыч менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалар санитардык талаптарды так аткарууга милдеттендирилгенин эскертти:

«Ар бир ишкана өзүндө иштеген жумушчулардын илдетке чалдыгышынын алдын алат. Эгер бир киши ооруса, аны менен кошо иштеген адамдардын обсервациясы жана башка чыгымдары ишкана жетекчилигинин мойнуна коюлат»​.

Эске салсак, Кыргыз өкмөтү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч баскыч менен ишкана-мекемелердин ишке киришүү механизмин иштеп чыккан. Биринчи баскычтан ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода, тейлөө тармагы киргизилген.