Бишкек шаарынын ичиндеги блокпосттор качан алынарын министр айтты

Эртеңден баштап өзгөчө абал кирген шаарларга коюлган блокпосттор алынат. Бул туурасында бүгүн парламенттик жыйында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, 1-майга караган түнү өзгөчө абал режими киргизилген шаарлардагы блокпосттордун баары аланып, жалаң жөө жана автоунаа патрулдары калат.
Жыйында 1-майдан тарта, айрым ишканаларга уруксат берилгенден кийин 120 миң жарандын жумушка чыгары белгилүү болду.

Эске салсак , Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы райондоруна киризилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.