Кадимки тамеки жасалуучу өсүмдүктү Орус илимдер академиясынын биоорганикалык химия институтунун окумуштуулары караңгыда күйө ала турган кылып өстүрүштү. Бул тууралуу орус басылмалары маалымдашты.

Белгилүү болгондой, окумуштуулар биолюминесценциялык (жарыгы бар) козу карындын ферменттерин колдонуу менен тамеки жасоого колдонулган өсүмдүктү лабораториялык шартта өстүрүшкөн. Натыйжада бул өсүмдүк жашыл түстөгү жарыкты берүү функциясына ээ болгон. Эгер бөлмөнү караңгылатса, тамеки өсүмдүгү айланага жарык чачат.Бул илимий ишин «тирүү шам чырактар» деп аташкан.

Окумуштуулар эми роза, орхидея, петуния гүлдөрүнө ушундай эффект кошууну пландоодо. Мындай өсүмдүктүн жанына банандын сыртын коюп койсо, ал мурункудан да жарыгыраак күйө баштары байкалган.

Бул илимий ишти жаратуучулар «Тирүү чырактын» сатыкка чыгарылбашын айтышкан. Эгер гүлдөргө жүргүзүлгөн тажрыйба ийгиликтүү болсо, аларды сатууга ураксат берилээрин билдиришкен.