Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовду онлайн эскерүү иш-чарасы 30-апрелде саат 16:00дө «Азаттыктын» кеңсесинде өтөт.

Бул тууралуу маркумдун кесиптештери билдирди.

Ажыматовдун сөөгү эртең, 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. Коштошуу зыйнаты анын «Дордой» конушундагы үйүндө саат 09:30да башталат.