Нур-Султан шаарында 46 жаштагы спортсмен 4 жаштагы наристени аёосуз сабаганы маалымдалды.

Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымат агенттиги жазып чыкты. Белгилүү болгондой, сабалган кыздын апасы Виктория үйгө келип аёосуз сабалган кызын көрөт. Кызды анын апасы буга чейин алты ай аралыгында жолугушуп жүргөн спортсмен жигити сабаганы белгилүү болот. Ал олуттуу мамиле курууну сунуштап, кызы менен жолуктурууну өтүнгөн. Ал кичинекей кыз кулап кеткенин айтат. Бирок наристе аны таяк менен урганын билдирген.

«Кызым өзү аны колу менен таяк менен урганын айтат. Бул коркунучтуу, мен ишенгим келбейт. Ал эми полиция кызматкерлери кызды сен сабагансың деп күнөөлөп жатат,»- деп билдирген Виктория.
Кийинчерээк полиция кызматкерлери шектүүнү кармашкан. Ал 1974- жылы туулган Нур-Султан шаарынын тургуну экени аныкталган. Эгер шектүүнүн күнөөсү далилденсе ал 7 жылга чейин кесилип кетүүсү мүмкүн.