Гонконг шаарында шымы жок шаар аралаган кызды өзү айтканга чейин эч ким элес алган эмес. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалым болгондой, сүрөтчү Сандре Беккер укмуштуудай эксперимент өткөргөн.

Сүрөтчү кыздардын денесине иллюзиялык кийимдерди тартып көчөгө чыгарган. Алардын бирөөсү буттарына тартылган джинсы шымы менен Гонконг шаарында коомдук жайларда болгон.

Кыздын артынан фотограф ал барган жерлерди тартып турган. Бирок аны эч ким элес алган эмес. Качан гана кыз артында асылган рюкзакты чечкенде, анын футболкасында «шымы жок жүрүү, шымчан жүргөндөн артык»- деген жазууну окуганда гана байкашкан.