Коом

Кызмат учурунда каза болгон ИИМдин кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө жардам берилди

Бүгүн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун аялдар кеңеши полктун ардагерлер кеңеши менен биргеликте демилге көтөрүп, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана көп балалуу, ошондой эле балдарынын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлердин үй-бүлөрүнө гуманитардык жана акчалай жардам көргөзүштү.

Бул тууралуу ИИМдин «Шумкар» АБПнын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген күндөн тарта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Ар бир өлкөнүн тартибин, жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда
милиция кызматкерлери эл-жеринин сакчысы ошону менен бирге, кандай кырдаал орун албасын антына бекем туруп өз эл журтун коргоп эрдиктердиктерин көргөзүшүп келет ал эми ошол эрдиктер, жеңиштер айрым учурларда жоготуулар менен коштолоорун тана албайбыз»,-деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button