Ош облусунун аймагында коронавирус инфекциясын жуктургандар менен байланышта болгондорду массалык түрдө текшерүү иши жыйынтыкталды.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдиргендей, 25-апрелден баштап 42 мобилдик топ 5 күн аралыгында Кара- Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң- Алай райондорунда 43 айылды кароо иштерин жүргүзүштү.

Мобилдик топко 195 дарыгер тартылган .

Буга ылайык, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин тапшырмасы менен акыркы жумада дарыгерлерден сырткары бул топко СЭС, ӨКМ кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен кеңейтилип, 3 багытта: — медициналык кароо, оорунун белгилери болсо, экспресс тестирлөө; -карантиндик шарттарга ылайык санитардык абалды көзөмөлдөө жана түшүндүрүү; -залалсыздандыруу иштерин жүргүзүштү.

Мобилдик топтор күчөтүлгөн режимде иштеген учурда COVID_19 илдети тастыкталган 162 адам менен байланышта болгон 11 миңдей адамдын өзү, үй-бүлөсү гана эмес, алар жашаган көчөлөр, айылдар толугу менен кароодон өттү.

Натыйжада 43391 кожолуктан 230 миңге жакын адам каралып,1300 дөй кишиден экспресс тест алынды. Иликтөөнүн негизинде байланышта болгондордон Ош облусунда жаңы 2 учур катталды. Алар изоляцияга алынып, жакындары жана байланыштагылар обсервацияга жаткырылды.