Жаз-жай айларындагы сел, суу ташкындарынын, жер көчкү кырсыктардан адам өлүмүн болтурбоо, материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри З.Аскаровдун тапшырмасына ылайык, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармлыгынын кызматкерлери тарабынан кооптуу тилкелерде жашаган кожолуктарга түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында 2488 турак-жай көчүрүүгө тийиш анын ичинен 1119 турак-жай мамлекеттик жардам жана жер тилкесин албагандар (көчүрүлбөгөндөр) 1369 турак-жай мамлекеттик жардам жана жер тилкесин алып көчпөгөндөр болуп аныкталган.

Бүгүнкү күндө 1993 үй-бүлөгө жекече эскертмелер берилди. (Өзгөн районунан 300 үй-бүлө Россия Федерацияда, 100 үй-бүлө жайлоодо 93 үй-бүлө туугандарыныкында жалпы 493 үй-бүлө эскертме берүү мүмкүнчүлүк болгон жок, 2 үй-бүлө Алай районунда эскертме бергенге мүмкүнчүлүк болгон жок).

Андан сырткары жергиликтүү органдарга ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы жана өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаменти менен биргеликте 104 эскертме баракчалары берилди.

Бүгүнкү күндө Ош облусу боюнча 83 чатыр райондорго жеткирилди.