Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү көңүл айтты.

Төмөндө некрологдун толук текстин сунуштайбыз:

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак- Жол айылында туулган.

1993-жылы айылдык орто мектепти аяктаган соң, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырып, аны 1998-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Ал журналистик эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс», «Жаңы Агым» гезиттеринде, КТРКнын радио берүүлөрүндө, «Азаттык» радиосунда эмгектенди. Ал республикалык массалык маалымат каржаттарында өзүнүн мыкты публицистикалык макалалары менен кеңири таанылып, өлкөнүн коомдук-социалдык турмушун чагылдырган орчундуу маселелерди көтөрүп чыкты.

Зайырбек Ажыматов чыгаан журналист катары өзгөчө улуттук маданиятыбыздын, руханий турмушубуздун  бир топ маселелерин терең чагылдыруу менен атпай журтка ысмы кеңири таанылды. Ошону менен бирге өлкөнүн окурман журтчулугуна талантуу акын катары таанылып, эл сүймөнчүлүгүнө арзып, мыкты чыгармаларды жаратты.

Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж), «Мелмил» (2005-ж), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Бир нече ырларына обончу-композиторлор обон жаратып эл арасында белгилүү болуп ырдалып калды.

Зайырбек Ажыматовдун чыгармачылыгында Ата мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт. Ал кылдат лирик, ойчул, терең акын. Айрыкча анын атуулдук бийик парасаттуу ырлары акындык чеберчилигинин жетишкендиги  катары бааланып, улуттук кыргыз поэзиясын жаңы көз караш, жаңы дүйнөтааным менен байытты.

Анын адабий чыгармачыл ишмердүүлүгү жогору бааланып, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Басма сөз сыйлыгынын лауреаты болгон.

Зайырбек Ажыматовго кыргыз маданиятына кошкон баарандуу салымы үчүн 2019-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамы ыйгарылган.

Чебер калемгер, чыгаан акын, публицист Зайырбек Ажыматовдун жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат. Маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.Ж.Исмаилова, А.К.Касымалиева, Д.А.Эсеналиев, К.М.Жумалиев, Садык Шер-Нияз, К.К.Иманалиев, У.Т.Кыдыралиев, А.М.Эргешов, Р.М.Туманбаева, Ж.А.Мусабекова, А.Аскарова, Р.Ч.Момбеков, С.А.Кылжыев, А.К.Жаманкулов, Т.Т.Стамалиева, С.А.Раев, К.Б.Базарбаев, Ч.Эсенгул уулу, Ибрагим Нуракун уулу, Жайнак Үсөн, Ы.Р.Досбаев, А.Т.Касмалиева, У.Ниязалиев, Б.Жакиев, М.Т.Байжиев, К.Жусупов, М.Абакиров, О.С.Султанов, Ш.Дуйшеев, Н.Жаркынбаев, Р.Рыскулов, Т.Мамеев, Н.Алымбеков, Т.Самудинов, Г.Момунова, М.Мамазаирова, С.Акматбекова, А.Омурканов, А.Рыскулов, М.Ааматов, К.Урманбетов, Кожогелди Култегин, Садык Алахан,  А.А.Акматалиев, А.Султанбаев, Н.Калыбеков, Байас Турал, Т.Урманбетов, Н.Т.Шакиев, М.Токтоболотов.