Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Ирина Карамушкинанын «вирус Меккеден келди» деген таризде айткан билдирүүсүнө ушундай жооп берди.

“Жалган маалымат таркатып жатканда көңүл буруп койсоңуздар. Коронавирус Кытайдын Ухан деген шаарынан чыкканын билишет. Биз башка динди, башка улутту сыйлайбыз. Диндерди бири-бирине карама-каршылыкка чакырган нерселер болуп жатат. Коронавирус менен бир динди же улутту жаман көрсөткөн болбойт. Менин диниме асылганга эч кимдин акысы жок“,деди ал.