Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Каныбек Иманалиев өкмот элге бир кап ун бергенине башка нерсе айта албай жатат — деп сындады.

Эл өкүлү кошуна мамлекеттердеги азыркы кырдаалга байланыштуу көрсөтүлүп жаткан жардамдар менен салыштырып, аткаруу бийлиги кризис бүтсө, биринчи кайсы тармактан реформаны баштай турганы тууралуу маалымат бериши керек экенин таалп кылды.

«Эл сизден ун эмес, реформа күтөт. Өзбекстан, Казакстан миллиарддап элге жардам берип жатса, биз айла жоктон бир кап ун бергенибизди айтып жатабыз. Күн сайын бир кап ун бере албайбыз»,-деди эл өкүлү.