Урматтуу мекендештер!
Кыргыз маданияты кыска убакыт аралыгында экинчи оор жоготууга учурады. Кече жакында эле эл акыны Элмирбек Иманалиевди жалган дүйнөдөн узатып, кабыргабыз кайышып калды эле. Эми анын артынан учурдагы кыргыз поэзиясынын алпы, өзгөчө стили, өзгөчө үнү бар акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов агабыз дүйнө салып, муун-жүүнүбүздү бошотуп, тоодой күйүткө салып кетти.
Зайырбек агабыз чыгармачылыкка эрте аралашып, студенттик партада отурган кезинде эле «Жалгыздык» аттуу ырлар жыйнагын чыгарганы эсимде. Ошондон тарта ал журналисттик кесиби менен бирге поэзиянын кереметин да кошо артынып, талыкпастан эмгектенип келди. Анын ырлары элибизге эм эле, дем эле. Ырларында кыргыз элинин улуулугун, нарктуулугун, бийиктигин даңазалап турчу.
«Бүжүрөбөй көтөр башты жаркылдап,
Нур чайысын жан дилиңе алтын жаап.
Сен падыша, падышасың эй, кыргыз,
А тоолоруң Теңир берген алтын так», — деген ыр саптары менен элибиздин, мамлекетибиздин эртеңине кандай гана күчтүү дем берет эле.
Зайырбек агабыз чыгармачылыкка жөн салды эле мамиле жасачу эмес. Ал ар бир сапты жан дүйнөсүнүн тереңинен сызылтып агызып чыкчу.
«Жанымды алса, жанымды ал,
Жаркыган Күнүм, Айымды ал.
Тим койчу мага калемди,
Тилимде жазаар жалын бар.
Калемим – талант. Ал болсо,
Хандыктан өйдө тагым бар» деген ыры чыгармачылыгына кандай гана олуттуу мамиле жасаганынан кабар берет.
Аттиң дүйнө. Жаркылдаган жакшы адамдардын, көкүрөгү ырга толгон акындардын жүрөгү өзгөчө сезимтал болот тура. Бекеринен «Жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт» деп айтылбасын эми туюп отурам.

Зайырбек Ажыматовдун элге бере турган ырлары дагы көп эле. Көп ырлар жазылбай, акындын жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө калып кетти.
Тарых барактарын карап көрсөк, жалындуу ырларды жараткан көптөгөн дүйнөлүк деңгээлдеги акындар өмүр менен эрте коштошкон экен. Ошол эле орус элинин улуу акындары А. Пушкин, М. Лермонтов, С. Есенин, кыргыз акындарынан А. Осмонов, Ж. Бөкөнбаев, Ж. Турусбековдор өмүр менен өтө эрте кош айтышкан. Бирок, кыска өмүрлөрүндө кылымдардан кылымдарга унутулбай кала турган чыгармаларды калтырып кетишти.

Дал ошолор сыяктуу Зайырбек Ажыматов да кыргыз эли үчүн, кыргыз маданияты, адабияты үчүн кылымдарга унутулбай турган эмгек калтырды.
Айтылуу Аксы жергесинде балалыгынын издерин калтырган алп акын Зайырбек Ажыматов 44 жылдык өмүрүндө жалпы кыргыз элинин чыгаан уулу боло алды. Дагы да жасай турган эмгегиңиз көп эле. Айла жок өзүңүздөн ажырап калдык.
Акын агабыздын үй-бүлөсүнө, уул-кыздарына, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Агабыздын арты кайырлуу болсун!
Кош ага! Кош дебеске арга барбы. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!