Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине, атын атабаган жаран кооптуу илдеттен коргонуучу каражаттарды жана окуу куралдарын жардам катары жиберип, муктаждарга жеткирүүнү суранган.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жардамдын ичинде 200 даана беткап, 200 кастюм, 200 колкап жана окуу куралдары бар.

Коргонуучу каражаттар дарыгерлерге, окуу куралдары, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына берилет.