Парламентте Ирина Карамушкина Кыргызстанга коронавирус илдетин кичи ажыга баргандар алып келгенин белгилеп, аларды текшербей, үйлөрүнө таратып жиберген мамлекеттик кызматкерлерди шалаакылыгы үчүн жоопко тартуу маселесин көтөрдү. Өз учурунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев март айында Сауд Арабиясы илдеттин очогу деп саналган өлкөлөрдүн катарында болбогонун, ошондуктан ал жактан келгендер милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтпөгөнүн билдирди.

Карамушкинанын мындай сөзүнөн кийин бир нече депутаттар “Карамушкина ооруну умрага баргандар алып келди деген сөзү үчүн жооп берсин” деген талаптарын коюшту. Депутат Ирина Карамушкина аларга жооп берүүгө аракеттенген учурда анын микрофону өчүрүлдү.

Ал эми Депутат Исхак Масалиев өкмөт мүчөлөрүн этиканы сактап, депутаттардын айтышына аралашпоону эскертти.

“Мен эч кимди коргогум келген жок, калыстык болбошу керек. Шалаакылык болгону чын, өзүңөр ушул жерде Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо тууралуу маселени талкуулап отургансыңар”, — деди Исхак Масалиев.

Эске салсак бүгүн, 30-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү өзгөчө кырдаалда аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатышат.