Буга чейин патент алып жана салык төлөгөндөр гана такси кызматын көрсөтө алат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

 “Мурда патент алып такси кызматын көрсөткөндөр өздөрү чыгып иштей берсе болот. Алар барып уруксат кагазын алып отурбайт, патенти менен паспорттун жанына алып  иштесе болорун комендатурага жана штабга айттык. Так айтканда патент алып, салык төлөгөндөр иштей берсе болот”, — деди Абылгазиев.

Ал эми жүргүнчүлөрдүн жанында сөзсүз түрдө аты-жөнүн күбөлөндүргөн документи, маршруттук баракчасы болушу керек. Ошондой эле байланыш адамдардын чөйрөсүн аныктоо үчүн, унаанын номерин, маркасын, унаада жүргөн күнүн жана отурган убактысын жазып алуулары зарыл экени айтылды.