«Башка өлкөлөрдөй эле Кытай дагы коронавирус инфекциясынан жабыр тартты, анан калса АКШ коштогон батыш өлкөлөрү алардын жоосу Кытай эмес, вирус экендигин түшүнүүсү керек»-деди КЭР ИИМ расмий өкүлү Гэн Шуань ММКларга берген маегинде.

Буга чейин Рейтер агентчилигине берген маегинде АКШ президенти Дональд Трамп  коронавирурска байланыштуу Кытайга карата доомат коюунун  ар кыл варианттарын караштырып жаткандыгын айткан.

«Жоопкерчилик тууралуу айта турган болсок, биз бул вирус бүтүндөй адамзаты үчүн элдешкис душман экендигин айтып эле келетабыз. Чын-чынына келгенде, Кытай вирус менен союздаш эмес, жабырлануучу экендигине дүйнө эли күбө. АКШнын айрым бир аткаминерлери бизди  жоо тутканча, вирус менен күрөшүүсү, вирус эң биринчи душманы экендигин аңдап түшүнүүсү керек эле»-деп кошумчалады Ген Шуан брифингде Трамптын буга чейинки айткандарына түшүндүрмө берип жатып.