Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында чек арага чектеш айылдарга жана чек ара бекеттерине барды. 

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү максатында Лейлек районундагы Интернационал айылындагы жана «Кайрагач» көзөмөл-өткөрүү жайларына барды. Акрам Мадумаров бул пункттардын ишин көрүп, санитардык-эпидемиологиялык жана башка текшерүү чараларын күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Ошондой эле вице-премьер-министр чек арага чектеш жайгашкан Жаңы-Жер жана Кулунду айыл аймактарына барды. Ал Чек арага чектеш райондорду өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын айрым пункттарын ишке ашыруунун жана жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмаларды берди.