Видеоконференция режиминде Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болду.

Отурумдун катышуучулары 2019-жылдын 1-мартынан 2019-жылдын 31-октябрына чейин 18 айлык өлчөмдө бажы, салык төлөбөстөн убактылуу ташып келүүнүн (уруксат берүү)  бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардын айрым категорияларын убактылуу жайгаштыруунун жана пайдалануунун мөөнөтүн белгилөө жөнүндө чечим кабыл алышты.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ Бажы кодексинин 264-беренесинин 1-пункту менен белгиленген жеке пайдалануу үчүн унаа каражаттарын убактылуу ташуу мөөнөтүн токтотууну чечти.  Бул чечим жеке пайдалануу үчүн интеграциялык биримдиктин аймагына ташылып келген унаа каражаттары боюнча маселени жөнгө салууга шарт түзөт.

Жыйындын жүрүшүндө ЕЭК Кеңеши Кыргыз Республикасында жана Казакстан Республикасында өндүрүлгөн дезинфекциялоочу каражаттарды үчүнчү өлкөлөргө ташууга тыюу салынган товарлардын тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Мындан тышкары ички рыноктун  сыйымдуулугун жана европа өлкөлөрүнөн келип түшкөн билдирмелерди эске алуу менен Беларусь Республикасында жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн медициналык эмес бет каптарды ЕЭАБ аймагынан ташууга салынган тыюуну алып салуу мүмкүндүгү жөнүндө кызыкдар болгон ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин консультацияларын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары талкууланган маселелердин бири Куба Республикасынын ЕАЭБдин байкоочу-мамлекети макамын алууга өтүнмөсү болду. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕАЭК) мүчөлөрүнө маалымат берүү, Куба тарап менен мындан аркы иштөө үчүн Комиссиянын өкүлдөрүнөн жана ЕАЭБ ыйгарым укуктуу органдарынан турган делегацияны түзүү чечими кабыл алынды. ЖЕАЭК жыйыны үстүбүздөгү жылдын май айына белгиленген.