Россиянын Соль-Илецк шаарында чек арада турган кыргыз жарандарын алып келүүгө уруксат берген нота келди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков айтты.

Анын айтымында Россия менен Казакстандын чек арасында турган 67 унаа бар, аларды автобус жана дарыгерлердин коштосунда алып кетүүгө уруксат берилген.

“Соль-Илецк шаарында турган жарандар боюнча кече кечинде алып кетүүгө уруксат берген нота келип түштү. Автоунааларды Россиянын аймагында калтырыш керек деген талап коюлуп жатат.  Ушул маселенин үстүндө азыр иштеп жатабыз, 2-3 күндүн ичинде чечилет. Бул эки тараптуу кыймыл, азыр оң чечими кабыл алынган жана техника маселесин чечүү боюнча иштер жүрүп жатат. 30-апрелге карата түзүлгөн тизменин негизинде биз жарандарыбызды алып келебиз”, — деди Айдарбеков.

Булак: Медиа центр