Ош облусунун Чоң-Алай районунда үймө-үй кыдырып жашоочулардын температурасын  текшерген 20 медайым велосипеддер менен камсыз болушту.

Аймактык оорукананын жетекчиси Ысламидин Бакировдун билдиргенине караганда, медицина кызматкерлерине экс-депутат Нурлан Сулайманов 100 даана коргоочу кийимдерди жана 20 велосипедди өз каражатынан алып берген. Учурда медайымдардын иши бир кыйла жеңилдеп, натыйжалуу болууда.

«Медайымдар кечээ күнү жалпы район боюнча 8886 адамды текшерсе, бүгүн велосипед менен 2076 текшеришти. Алар барып тургундардын температурасын өлчөйт. Учурда район боюнча 333 адам үй карантинде, ал эми бир адам обсервацияда жатат«,- деди Ысамидин Бакиров.