Жүрөк үшүн алган окуя Украинанын Харьков шаарында орун алды. Белгилүү болгондой, көчөдөн кармалган жылаңач аялдын колундагы баштыктан өспүрүм кыздын башы табылган. Маркум, аялдын кызы экени, аялдын колунда бычак да болгону тууралуу «Focus.ua» басылмасы маалымдалды. Полициянын билдирүүсүндө, аялды күч органдарынын кызматкерлери тапкан. Аял окуя тууралуу эч нерсе айткан эмес.

Ал эми бүгүн, 30-апрелде эртең менен полицияга 40 жаштагы тургун кайрылган. Анын айтымында, үйүндө 38 жаштагы карындашы жана 11 жаштагы жээни (кыз) менен чогуу жашап жаткан.

Эртең менен жээнинин башы жок денесин үйүнөн тапкан. Кошуналарынын айтымы боюнча, 38 жаштагы аял өзүн жакшы алып жүрчү жана иштеп жүргөн. Алар жакыр турушкан, ага карабай окуучу кызына жакшы кам көрүп, мектепте билим алып жаткан.

Учурда бул окуянын чоо-жайы такталып жатканын орган кызматкерлери билдирди.