Ош мамлекеттик университетинде “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган  “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында Кыргыз-Түрк факультетинде онлайн конок лекция уюштурулду.

Конокто Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин улук окутуучусу, тележурналистикада 20 жылдык стажы бар журналист жана диктор Чынара Капарова болуп,  факультеттин PR-менеджер адистигинин студенттери үчүн “Кеп маданияты жана кеп техникасы” деген темада онлайн лекция окуду. Студенттер кеп маданияты, кеп техникасы боюнча маалыматтарга гана ээ болбостон, мыкты устаттын көрсөтмөсүнө ылайык практикалык көнүгүүлөрдү да жасашты.

“Ушул семестрде факультетте пландалган конок лекцияларыбыз бар болчу, бирок учурдагы кырдаалга байланыштуу  лекторлорубуз  келе албагандыктан онлайн түрүндө уюштуруп баштадык», – деди Зарина Маматжанова.

Булак: Кутбилим