Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов фейсбук социалдык баракчасына чет өлкөдөгү мекендештерибиз тууралуу төмөнкүдөй пикирин жазып калтырган:

«ТИМ нин маалыматына ылайык Оренбург менен Казакстандын чек арасында (Соль-Илецк) бир айдан ашык өз унааларында жаткан биздин мекендештерибизди алып келүү үчүн Казакстан автобустарды берип, биздин Өкмөт аны жана унааларды токтоткон стоянканын каражатын төлөп бермей болду. Жакынкы күндөрү алып келинмей болду. Вьетнамда калып кеткен балдарыбыз Тайланд аркылуу келмей болуп жатат. Тилеке каршы Москва жана Питербург шаарында келе албай жаткан жарандарыбыздын маселеси чечилбей турат. Мындай кырдаалда каражат жагынан жардам берүүгө милдеттүүбүз…».