Коом

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алды

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус жуктуруп алганын РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Мишустин вируска кабылгандыгы жөнүндө президент Владимир Путин менен жолукканда билдирип, обочолонууга кетип жатканын айткан.

«Урматтуу Владимир Владимирович, менин коронавирусту аныктоочу текшерүүдөн өткөнүм оң натыйжа бергендиги жаңы эле белгилүү болду. Ушуга байланыштуу жана Роспотребнадзордун талаптарына ылайык, мен өзүмдү обочолоп, дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн аткарууга тийишмин. Бул менин кесиптештеримди коргоо үчүн жасалышы керек», – деген Мишустин Путинге.

Жыйын онлайн түрүндө өткөн.

Булак: Спутник

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button