Ал кимдир бирөө үчүн балдарына жакшы тарбия берген аял, кимдир бирөө үчүн үй бүлө менен жумушту чогуу алып кеткен айым, дагы кимдир бирөө үчүн ашканадагы мыкты кожойке. Бирок, бардык жагынан келишкен идеалдуу аял жок дешет. Анткен менен сизге жакшы аял болууга жардам берген айрым эрежелер бар. Алар төмөнкүлөр:

Биринчи эреже: Жолдошуңузга сизден эс алууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Ар бир адамдын жалгыздыкты эңсеген учурлары болот. Бул кадыресе көрүнүш. Эгерде жолдошуңуздун такай өзүңүзгө көңүл буруп туруусун талап кыла берсеңиз, аны дароо эле тажатып алышыңыз мүмкүн.

Экинчи эреже: Экинчи жарымыңыздын достору менен жолугушуп туруусуна тоскоолдук кылбаңыз. Аларга ишениңиз. Эркек кишиге досторунун арасында болуу маанилүү, аларга өздөрү кызыккан темада «эркекче» сүйлөшүү кызыктуу. Бул эркекти бир түрдүү жашоодон алаксытат, атүгүл мындай сүйлөшүүлөрдөн кийин жолдошуңуздун сизге болгон мамилесинин жаңырып калганын байкайсыз. Ал эми «кайда жүрдүң?» «ким менен жүрдүң?» деген сыяктуу суроолор мамилени татаалдантып, ортодогу ишенимге доо кетирет.

Үчүнчү эреже: Таптакыр эле момун аял болуп алуу деле болбойт. Психологдор эмоционалдык кагылышуунун үй-бүлөлүк мамиленин бекемдээрин айтып келишет. Андыктан, кээде жолдошуңузду анча-мынча кызганып коюу, чыргоолук кылуу ашыкчалык кылбайт. Бир кылка мамиле, бирдей тондо эле сүйлөшө берүү да кээде адамды тажатат.

Төртүнчү эреже: Ар кырк күн сайын аял өзүнүн образын өзгөртүп турууга тийиш. Мындай өзгөрүүлөр жолдошуңузга жаңы сезимдерди тартуулап, анын башка жакты карабашына жардам берет. Андыктан, имиджиңизди кантип өзгөртүү тууралуу ойлонуңуз: балким, чачыңызды башка түскө боёйсуз, балким, өзгөчө бир макияж жасайсыз, же кийимиңиздин өзүңүз көнүп калган түсүн өзгөртөсүз…

Бешинчи эреже: Эмне кылсаңыз да өзүңүздүн чындыгыңызды далилдегенге аракет кылбаңыз. Кээде жолдошуңузга атайын эле «жеңилип» берип коюңуз. Муну менен анын үй-бүлөдө орду бар экенин, анын сөзү маанилүү экенин сездиресиз.

Алтынчы эреже: Эсиңизде болсун, кээде таттуу калп ачуу чындыктан жакшы болот. Эгерде үй-бүлөнүн тынчтыгын кааласаңыз, кызганычка, талаш-тартышка жана башка жагымсыз көрүнүштөргө себеп болчу чындыкты жашырып эле койгонуңуз оң.

Жетинчи эреже: Убакыттын кайсы мезгилинде, кандай абалда келсе да жолдошуңуздун үйгө келгенине сүйүнүңүз. Кызуу болсо да ал башка жакка эмес, сизге келди да. Анан да аны мактагандан аянбаңыз. Кичинекей нерсеси үчүн бүгүн мактап койсоңуз, эртең ал сиз үчүн мындан чоң нерсе жасайт.