Ош шаарындагы ишкерлер көрнөк-жарнактарын аларга эскертпестен алып салганына нааразычылыгын билдирип чыгышты.

Жеке ишкер Мунар Исаев ишкерлердин жеке менчигине эч кандай эскертүүсүз келип баннерлерди алып жатканына нааразычылыгын билдирип чыкты.

«Биздин жеке менчик көрнөк-жарнактарыбызды бизге айтпастан, эскертүү бербестен алып кетишти. Өзгөчө абал учурунда жеке менчик жерге уруксатсыз кирип, ишкерлердин жоктугунан пайдаланып алып салганы туура эмес»,-деди ал.

Алар Ош шаардык мэриясынан тийиштүү чараларды көрүлүүсүн, мыйзам деңгээлинде жооп берүүсүн жана ишкерлердин укугун талап кылууда.

Буга чейин шаар бийлиги коронавируска каршы күрөшүү максатында калаадагы көрнөк-жарнактар илинген мамычаларды, аянтчаларды дезинфекциялаган болчу.