Коронавирус 15 жашка чейинки 102 баладан аныкталган, анын ичинен бир жашка чейинкилер 5 наристе.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айнура Акматова билдирди.

Бардык балдар ооруканага жаткырылган, абалы көпчүлүк учурларда канааттандыраарлык (симптомдору жок), жеңил жана орточо оор абалда.

Бүгүнкү күнгө карата 59 бала үйүнө чыгарылды.