Республика боюнча коронавирусту аныктоо үчүн 9 лаборатория иш алып барууда. Алардын үчөөсү мобилдүү болуп саналат.

Бул тууралуу Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул лабораторияларда 30дан ашык медициналык кызматкерлер иштеп жатышат.