29-30-апрель күндөрү вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен областынын Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында жана Ош областынын Ноокат райондорунда укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, чегара кызматтарынын жана мамлекеттик мекеме-уюмдарынын өзгөчө кырдаал убагындагы ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу менен бирге аткарылып жаткан иштердин сапаты COVID-19 илдетин жоюу жана таркалып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча аткарыла турган иш-чаралар менен жакындан таанышты.

Бул  тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү максатында Лейлек районундагы Интернационал айылындагы жана «Кайрагач» көзөмөл-өткөрүү жайларына барды.

Акрам Мадумаров менен Сүйүн Өмүрзаков бул пункттардын ишин көрүп, санитардык-эпидемиологиялык жана башка текшерүү чараларын күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле вице-премьер-министр чек арага чектеш жайгашкан Жаңы-Жер жана Кулунду айыл аймактарына барды.

Ал Чек арага чектеш райондорду өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын айрым пункттарын ишке ашыруунун жана жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмаларды берди. Айрыкча Баткен областындагы чегара өтмөктөрүндөгү санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттор, ал посттордо кызмат өтөп жатышкан кызматкерлер менен медиктердин ишмердүүлүгүнөн кабар алып, аларга өз милдеттери кынтыксыз аткаруу туурасында тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар коюлду.