Дистанттык окутуу 1-5-май күндөрү жүргүзүлбөйт

1-майдан 5-майга чейин  окуучуларга видео сабактар ​​берилбейт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Видео сабактар ​​6-майда көрсөтүлө баштайт.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, кыргызстандыкдар 1-майдан 5-майга чейин эс алышат, ал эми мамлекеттик органдар 6-майда иштей башташат.

Кыргызстанда 8-апрелден тартып окуучулар үчүн аралыктан окутуу башталган.

Дистанттык окутууда видео сабактардын жадыбалы телеканалдардан, www.oku.edu.gov билим берүү порталынан көрсөтүлөт.