Сүт жана сүт азыктарын экспорттоодо атаандаштыкка туруштук берүү үчүн фермерлер кандай ыкма крлдонуусун Евразия экономикалык комиссиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министри Артак Камалян айтып берди.

Эске салсак, кечээ «ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу» темасында Москва — Ереван — Кишинев шаарларынын ортосунда видеокөпүрө өткөрүлүп, анда Камалян экономикалык биримдиктеги олуттуу суроолорго жооп берген.

«Биринчиден, уйлар асыл тукум, сүттүү болушу керек. Ошондо гана сүттүн көлөмү көбөйөт. Экинчиден, товардын курамы ар дайым талапка жооп бериши шарт», — деди Камалян.

Министр белгилегендей, учурда ЕАЭБ өзүн 90-95 пайызга сүт менен камсыздайт. Андыктан мүчө өлкөлөр үчүнчү мамлекеттерге сүт экспорттоо боюнча максат коюшу керектигин айтып өттү.
Маалым болгондой, Кыргызстан өзүн сүт менен 102 пайызга камсыздайт.